Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча 180 өлкөдө 3,19 млрд доза вакцина сайылды. Бул дүйнө калкынын 20,8%ы эмдөө алгандыгын билдирет. Акыркы бир күндүк көрсөткүч 39,4 миллион дозаны түздү.
Агенттиктин эсеби боюнча Бириккен Араб Эмираттары алдыда – бул өлкөдө калктын 72,1%ы эмдөө алды. Биринчи үчтүккө Сейшель аралдары менен Бахрейн да кошулду – бул өлкөлөрдө калктын 71,3 жана 69,7%ы эмделди.