Баткен облустук милициясы кабарлагандай, жалпы баасы 28 млн сом болгон малды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө шектелген жаран кармалды.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-ноябрында Баткен районунун Кара-Бак айылынын аймагында Баткен ОИИБинин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны токтотушкан. Текшерүү учурунда унаада 35 баш бодо мал бар экени жана аларды чек арадан мыйзамсыз өткөрүүгө аракет көрүлүп жаткандыгы аныкталган.
Тергөө учурунда Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну М.К. кошуна мамлекеттин жараны менен алдын ала сүйлөшүп, малды мыйзамсыз өткөрүү боюнча план түзгөн, ал үчүн айдоочуларды жалдаган деп шектелүүдө.
Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренеси (кылмыш жасоого аракеттенүү) жана 231-беренеси (экономикалык контрабанда) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

