БОЕКТОР ААЛАМЫ…

(Сүрөтчү Асан Турсункуловдун бейнесине айрым штрихтер )

Боектор дүйнөсү, бу жараткандын адам дүйнөсүнө берген өзгөчө кубулушу болсо керек. Дүйнөнү боектор аркылуу, түстөр аркылуу, сезимдер, ички ой-туйгулар аркылуу көрсөтүү эн оболу сүрөткерге гана таандык касиет. Чекит… бу чекиттен ааламдын учу башталат. Штрих … андан ажайып бир дүйнө ачылат… Бирок, жашоонун ар бир ирмеми ошо чекиттен, штрихтен турарын биз көңүлгө албайбыз. Дүйнө бүтүмдүгү миллиондогон фиксилден тургандай, ар бир сүрөткөрдин тарткан картинасы да ошол фиксил сыяктуу ойлордун чекитинен, ойлордун штрихинен турат.

Мага Ван Гог өтө жагат, башка сүрөтчүлөрдөн өзгөчө көрөм, ал мезгил менен алкакка, доорлор менен кылымдарга батпаган улуу талант. Ал чыныгы сүрөткердин, сүрөт өнөрүнө өз өмүрүн курмандыкка чалган уникалдуу инсан экендигин мезгил барган сайын далилдеп келет. Ван Гогдун боектору, ал кичинекей шишенин көзүнөн сыгып алган боектор эмес, анын ар бир боегу, шилтеми, түсү сүрөтчүнүн дене тамырынан сыгылып алгандай, ал боектор менен түс менен жашагандай ойду калтырат.

Кээде турмуштун ассиметириясы реалдуулукка дал келе бербейт, сүрөттө башка Ван Гог, жашоодо башка Ван Гог өмүр сүргөндөй таасир дайыма көкүрөк  сызыгындай өтүп турат… Ал өзүнүн селсаяктыкынан өткөн жашоосун, алаканы жука кедейлигин, жан оорусун, азабын, кайгысын, сүйүүсүн чанып коюп, жашоонун жандуу боекторү, түстөрү менен жашоонун улуулугун, дүйнөнүн сулуулугун көрсөтө алган. Көкүрөгүн азап тырмасада, көз алдында жашоонун түбөлүктүүлүгү жашап келген. Бу Прованстын адыр-белдеринде, талааларында, кокту – колотунда безген бу сүрөткер дүйнөнүн атактуу сүрөткери экенин көзүнүн тирүүсүндө сезген эмес, анткени жашоонунун өзүндө ал – атактуулукка умтулган эмес.

Ван Гог чыныгы  Сүрөткердин парзын – Өнөрдөн көргөн.  Ал – түбөлүктүүлүк, ир алды өнөр, өзгөчө өнөр…

Кээде адамдар сүрөткерлерди өз фантазиясы менен талантынын тутумунда калган адам катары кабыл алып, анын аркы жагындагы руханий айсбергди көргүсү же байкагысы келбейт. Сүрөткерге жараткан тарабынан берген касиет, ал жашоонун биз байкабаган, биз сезбеген, биз көрбөгөн кырларын көрүп, андан асылдыктын бир угутун таап алгандай таасир калтырат. Бул да адамдын мүмкүнчүлүгүнүн бийик искусствосу…

Адамдын ички дүйнөсүн ача билүү жана ачуу, өнөрдүн ыйык миссиясы… Ал миссия сулуулуктун сырын ачуу, сулуулук аркылуу адам сезимин асылдуулукка тарбиялоо деп айтаар элек… Пикассонун бир парадоксалдуу сөзү бар: жаңыдан талпынып келаткан сүрөтчүнүн эмгегин беш-алты гана адам баалай да, түшүнө да билет, ал эми гениийди андан да аз адам түшүнүшүү ыктымаал деп… Бу аксиомабы же калпыс ойбу эч ким ага түшүндүрмө бере албайт. Гений не сөз айтса да, анын сөзүнөн генийликтин угутун издөө биздин гана түйшүк окшобойбу?.. Генийдин сөзүн тарых гана далилдейт, анын чындыгы да тарыхта…

Бу кепти алыстан баштап жатканыбыздын да жүйөөсү бар. Көптөн бери көнүлдө жүргөн, бир чети досум, таланттуу сүрөтчү Асан Турсункуловдун чыгармачылыгына бир сереп салып, азыноолак кеп кылсакпы деген ниеттебиз. Ушу ниет көптөн бери жүрөт. Алтымыш жаштын суусун ичип, жаш куракты артта калтырса да, турмуштун эчен-эчен ээлегинен өтүп, азап-тозогун, кыйынчылыгын көрсө да, ал азапты сүрөткерлик миссиясы менен, сүрөткерлик касиети менен, сүрөткерлик духу менен жеңип келет.

Асан арийне  портрет жанрында көп эмгектенди, анын каармандары олигархтар, аттуу-баштуу, бети майланышкандар эмес, жөнөкөй карапайым адамдар, жөнөкөй замандаштар, жөнөкөйлүктө уулулук бар эмеспи… Өзүнө өзү иш таап, өзүнө өзү түйшүк арткан жагынан Асанга эч бир сүрөтчү карандабайт. Анткени, жүрөгү сезгич, жүрөгү назик, ачуусу келсе да анын артында кайсы бир адамдыктын учкундары көрүнүп турат.

Сүрөтчү миң кырдуу, миң сырдуу да келет эмеспи… Бирок, ар бир сүрөтчүнүн сүрөткерлик өзгөчөлүгү, стили, “почерки”  бар. Асанда мекенчилдик, жарандык, атуулдук сезим жогорубу деп ойлойм. Ал өзүнүн көкүрөк чындыгына жараша өнөрүн курчутуп келет. “Алтын кылымдын асыл адамдары”, “Кылым дастаны”, “Буюккан кайран жылдыздарым” бу өзү эпикалык галерея, тарых. Аксы окуясында курман болгон жердештерине жан ачып, көкүрөгү жарылса, бирде 2010-жылы аянтта окко учкан жигитердин, кырчындай жаш өмүлөрдүн галереясын жаратты. Ал бул ишти, эң оболу Адамдык парзым деп, адамдык ыйык бурчум деп тарыхка, келечек муунга тартты, анткени Сүрөтчү  келечек муун да, тарых да экинчи ирет бу апаатты көрбөшү керек деп ой сызгырат. Көз жаш бүгүн болбосо, эртең кургайт, ал эми эстутум, эскерүү эч качан адам диленен өчпөйт. Асан ушул ойду айткысы келди. Канча түн, канча күн тартып ушул мезгилдин каармандарына боектон гүлдесте, көкүрөк отунан түбөлүк отту жакты…

Шейит кеткен жигиттерди көргөзмөсү өттү… чиновниктер келди… Кооз сөздөр сүйлөндү… Бирок, ошо кооз сөздүн артында айтылбай тагдыр калды, айтылбай арман калды, жуулбай жаш акты… Ошонун өзүндө Асан сүрөтчү катары жашады. Мен, билем, Асан мындан атак-даңк алайын же мамлекеттик сыйлыкка илешейин дегени жок. Сүрөткердин бир ыйык бурчу –ал мезгилдин чындыгын ирмемге токтотуп калуу, ирмемди түбөлүккө айлантуу… Асандын иштеринен ошону байкадым…

Бу картиналарды артынан үч-төрт жаш балдарын ээрчитип, батирден батир алмашып тартып жүргөнун да көргөнүбүз бар… Сүрөтчүнүн иштери Эскертүүнүн конгуроосундай кагылып турат…

Сүрөттөрдүн боегу кургай элек… бирок кээ бирөөлөрдүн эстутуму эбак кургап калганы өкүндүрөт…

Асандын чыгармачылыгы өткөн менен бүгүнкүнү туташтырып турган өзгөчө спираль. Анын сүрөттөрү кыргыздын чулу духун чагылдырып, анын өтмө катарлуу байланышын, тарых менен тагдырдын алейне симбозундай көрүнөт. Асан сүрөттөрүндө ретроспективдүү кабылдоону жана чагылдырууну, ошол эле учурда анын ойлору азыркы мезгилдин өзөктүү маселесин камтып турат. Асандын “Манасиадасы” бул ички рухтун уюгу катары, көөнө тарыхыбыз менен тагдырыбыздын чагылышы катары, терең мааниге ээ экендигин ар бир ушу багытта тартылган  сүрөттөрүнөн сезүүгө болот.

Саякбай манасчы, Бакай, Манас бу образдар магиялык реализмдин контекстинде тартылса да, андагы мистикалык сегмент ойдун калпыган каймагын жандүйнөбүзгө терен туюндуруп турат. Боектордун аллегориясы, синтези, метафорасы менен экспрессиясы сүрөткердин масштабын гана айгинелеп бербестен, анын ойлоо, ой-жүгүртүү мүмкүнчүлүгүнүн диапозунун кеңири чагылдырып, көөнөлүк да, нарктуулук да кыргыздын ички күчтүү духу менен жуурулушуп турат.

Асан өзү ой масштабын, ой жүгүртүү рамкасы билбеген, ошону менен катар сезбеген художник. “Улуу эл”, “Баян”, “Эл сыймыгы”, “Мурас”, “Бабалар баскан жол”, “”Байыркы кыргыз эли”, “Жети ата”, “Түпкүрдөгү үн” сериялары,  эмгектери бу рухтун бийиктиги. Асакемдин өзгөчөлүгү, ал кайсы бир тутумга кармалып калбай ошол ой-чабыты менен мейкиндик кеңдигин жаратып турат. Ал дүйнөнү буту менен таанып, көзү менен сезген, туйган сүрөтчү экендигин, тээ ата-бабалардын тарыхы калган Алтайда, Орхон-Енисейде, Тува, Хакасияда айлап жүрүп, дээрдик бир циклдерди жаратып келгени аныктап да, ачыктап да турат…

Асандын көргөзмөлөрү Россияда, Түркияда, Казакстанда, Монголияда ийгиликтүү өттү… Кайда болсо да, кайда жүрсө да анын сүрөттөрү кыргыздын улуулугун, кыргыздын көөнөлүгүн, асылдыгын чагылдырып келет.

Асандын бир өзгөчөлүгү ал, атак кубады, атак издебди, наам сурабады…Тек гана жонуна мольбертти асып, жаңы ойлорду тартканы сапарга аттанып турат. Бирок, изденген адамдын эмгеги өлбөйт… Ал жашайт. Ошол жашоо артынан сыйды да, атакты да ээрчитип келет…Ал эң оболу таланттын баасы, таланттын кадыры… Аны сезгендер да, баалагандар да арабызда аз эмес…

Сүрөтчүгө кандай каалоо жарашат? Эмне деп айтса жарашат?.. Ага көздүн майы, боектун май кургабасын…деп айткыбыз келет. Эмгек — атак-даңктын да, эң башкысы Адамдыктын да башаты… Асан досум ушул мыйзам менен, Адамдыктын түбөлүктүү мыйзамы менен жашап келет…

Султан РАЕВ,

КРнын эл жазуучусу.

Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст