Кыргыз Республикасынын бокс боюнча улуттук курама тобунун мүчөлөрү эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышып жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди. Машыгуу жыйыны Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарында өткөрүлүүдө.
Белгилей кетсек, 19-март күнү башталган жыйын 30-мартта жыйынтыкталат.