7-апрелде Казакстан Республикасынын Алматы шаарында профессионал бокс федерациясынын эл аралык саммити өтүп, анда Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын президенттери менен профессионалдык бокс өкүлдөрү жана Түрксой эл аралык уюмунун генералдык катчысы Раев Султан Акимович жана WBCнин (Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңеши) расмий өкүлү катышты.
Бул уникалдуу иш-чара түрк дүйнөсүнүн негизги спортчуларын чогултуп, спорттун бул түрү боюнча актуалдуу маселелерди жана боксту өнүктүрүү, уландарды спортко, асылдыкка тарбиялоо жана Түрксойдун курамына кирген өлкөлөрдүн ортосундагы достукту замандын духунда бекемдөө маселелерин талкуулашты.
WBC Amateur Turksoy түрк тилдүү мамлекеттер арасында бокс боюнча жыл сайын эл аралык турнирди уюштуруу боюнча келишимге кол коюлду.