Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо борбору – миңдеген балдар үчүн саламаттыкты сактоонун негизги борбору. Бул оорукананын амбулатордук кызматтарынын уюштурулушу, заманбап диагностика системалары жана бейтаптарды тейлөөнүн натыйжалуулугу ата-энелер үчүн өтө маанилүү. Бул багытта кандай жаңылыктар бар жана кандай көйгөйлөр чечилүүдө деген суроолор менен биз оорукананын башкы дарыгеринин амбулатордук жана диагностикалык кызмат боюнча орун басары Болот Бурабаев менен маек курдук. Болот мырза бизге амбулатордук тейлөөнүн иш принциби, санариптештирүү жана балдарга көрсөткөн кызматтар тууралуу кенен маалымат берди.
– Болот мырза, амбулатордук тейлөө кызматы дегенди окурмандарга кеңири түшүндүрүп берсеңиз?
– Амбулатордук кызмат — ооруканага жата электе бейтаптарды кабыл алып, текшерүүдөн өткөрүп, керектүү дарылоону уюштуруу. Башкача айтканда, лаборатория, поликлиника, рентген, МРТ, УЗИ сыяктуу кызматтар ушул бөлүмгө кирет. Бул иштерди биз системалуу түрдө уюштуруп турабыз.
Акыркы жылдары мамлекетибизде саламаттыкты сактоо тармагына көңүл бурулуп, шарттар кыйла жакшырып жатат. Президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин колдоосу менен биздин ооруканада да заманбап шарттар түзүлдү.
Биздин борбор республика боюнча үчүнчү деңгээлдеги оорукана болуп эсептелет. Демек, бул жерге так диагноз коюлган жана аймакта дарыланууга мүмкүн болбогон бейтаптар гана кайрылышы керек. Бирок аймактарда айрым тармактагы дарыгерлердин жетишсиздигинен улам бейтаптар түз эле бизге келе беришет. Ошондуктан келген ар бир бейтап адегенде поликлиникадан текшерүүдөн өтүп, оорусунун деңгээли аныкталгандан кийин гана ооруканага жаткырылат.
– Бейтаптарды тейлөөнү санариптештирипсиздер. Бул системаңыздар кандай иштеп жатат?
– Ооба, мурда бейтаптар таң эрте келип, узун кезекке туруп, кээде талон жетпей калып бул чоң көйгөйгө айланган эле. Андыктан жамаатыбыз менен бирдикте электрондук кезек системасын киргизүүнү чечкен элек. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Санариптик борбор менен иштешип, бул кызматты тез арада ишке киргиздик. Эми бейтаптар алдын ала онлайн катталып, өзүнө ылайык убакытка жазылып келип жатышат.
Айрым бейтаптар санарип кезек тууралуу жеткиликтүү маалыматтарга ээ болбогондуктан мурункудай көрүп, түз эле келип алгандар бар. Аймактарда тар адистикте иштеген дарыгерлер жетишсиз болгондуктан так эмес диагноз коюлуп, борборго кайрылгандар көп. Бир жолу Баткенден “май таман” деген диагноз коюлган бейтап келип калды. Чындыгында, эгер ал жакта тиешелүү адис болсо, бейтап алыс жол басып убара болбойт эле. Азыркы учурда бул дарт менен жабыркаган балдар көп. Балдардагы май тамандык негизинен булчуңдардын жумшарып кетишинен келип чыгат. Бүгүнкү күндө алардын кыймылы азайып, уюлдук телефондо көп убакыт өткөргөндүктөн бул сыяктуу ортопедиялык оорулар арбын болуп, ортопед дарыгерлерге кезек күткөндөр арбын. Май тамандыкты укалоо, атайын батек кийүү, физиотерапия аркылуу эле жеринде дарылоо мүмкүн.
Дагы бир чоң көйгөй — жаш наристелерди эмдөөгө чейин невропатолог дарыгерге көрсөтүүдө жеринде адистердин жоктугунан бизге келип кезек күткөндөр арбын. Ошол эле учурда невропатолог адисине кирүүдө андан да оор диагноз болгон ДЦП же СМА оорусу менен жабыркаган бейтаптарга кезек жетпей калган жагдайлар болот.
– Кезек боюнча электрондук кызмат көрсөтүүдө ишиңиздер үзгүлтүксүз эле жүргүзүлүп жатабы?
– Азыркы электрондук кезек системасы Саламаттык сактоо министрлигинин Санарип борбору менен биргеликте пилоттук долбоор катары ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө электрондук системабыз үзгүлтүксүз иштеп, бейтаптарды тейлеп жатат. Системаны киргизердин алдында жетишпеген компьютер, принтер, ошондой эле каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн атайын термопринтерлерди алып, адистер атайын окутуулардан өтүштү.
– Аймактарда бейтаптар санарип кезекке жазылууда кыйынчылыксыз эле жазылып жатышабы?
– Бизде амбулатордук карта 2024-жылдын 15-августунан тартып киргизилсе, аймактарда бул система андан мурда эле колдонулуп баштаган. Электрондук картанын ичинде жолдомо, бейтапка керектүү маалыматтар кеңири камтылып, аны колдонуу боюнча түшүндүрмө да берилген. Азыркы тапта бул багыттагы иштерди мындан ары да улантып, системаны бейтаптар үчүн ыңгайлуу кылууга аракетибизди жумшап жатабыз. Мурда болсо ата-энелер балдарын каникул убагына пландап алып келгендиктен, натыйжада июнь айында жана августтун аягында бейтаптардын агымы кескин көбөйүп кетчү. Эми болсо ата-энелер электрондук система аркылуу каалаган күнү жана убактысын алдын ала тандап жазылып, ооруканага келгенде “канча убакыт кезекте турам, кайсы дарыгерге кирем” деген суроолордон арылды десек болот.
– МРТ изилдөөсүнөн өтүү үчүн көпчүлүк бейтаптар Кортекс, ЮРФА сыяктуу жеке клиникаларга барышат. Сиздердеги МРТ аппараты сапаты жагынан кандай?
– Бизде 1500 тесталык МРТ аппараты турат. Көпчүлүк ооруканалардын баарында эле 1500-2000дик тесталык МРТлар коюлган. Негизинен бизде балдарды текшерүү жүргүзүлөт эмеспи. Балдарга компьютердик томографияга караганда МРТ жасоо кыйыныраак болгондуктан, изилдөө наркоз менен жүргүзүлөт. Албетте, наркозго чейин баланын ден соолугу толук текшерилет. Баасы жагынан биздин кызматтар жеке клиникаларга салыштырмалуу кыйла арзан.
Борбордо УЗИ, рентген кызматтары да аймактан келген бейтаптар башка жерден издеп убара болбошу үчүн уюштурулган. Бул кабинеттер алдын ала жазылуу менен иштебейт, ошол себептүү бейтап түз эле келип изилдөөдөн өтө алат. Бизде заманбап санарип рентген, ошондой эле жакында эле жаңы МРТ аппараты коюлду.
– Лабораториянын абалы кандай?
– Лабораториябызды Азия Өнүктүрүү Банкынын жардамы менен толук оңдоп-түзөөдөн өткөргөнгө даярданып, ал жакты да санариптештирүүгө аракет кылуудабыз. Келечекте бардык анализдер штрих-код менен жүргүзүлөт. Анализатордон чыккан жыйынтыктар кол менен кайра жазылбай, түз эле компьютерге түшүп, андан ары керектүү бөлүмдөргө жөнөтүлөт. Даяр болгон жыйынтыктарды бейтапка берүү үчүн дагы атайын аппарат талап кылынгандыктан, азыр бул багытта иштер жүрүп жатат.
– Мамлекеттик кепилдик программасы боюнча кандай жетишкендиктер бар?
– Биздин борбор Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында иштейбиз. Тилекке каршы, көпчүлүк жарандар өз укуктарын жакшы билишпейт. Кээде бейтаптар ооруканага келип, “бул кызматтарга дагы төлөйбүзбү?” деп түшүнбөстүктөр чыгат. Мисалы, Мамлекеттик кепилдик программасы боюнча биринчи медициналык жардам толугу менен акысыз.
– Ооруканага төлөнүүчү төлөмдөргө санарип ыкмаларды киргизипсиздер. Бул система кандай иштеп жатат?
– Ооба, азыр элдин көбү элек-трондук капчык колдонуп калгандыктан QR-код аркылуу төлөм жүргүзүүнү киргиздик. Бейтап кассага барбай эле дарыгерге көрүнүп жаткан жеринен төлөм жүргүзүп, дарыгер чегин чыгарып берет. Бул үчүн биздин оорукана Айыл банктын «Абиллинг» аттуу санарип тиркемесин колдонууда.
Санариптештирүү менен катар эле маалыматтарды социалдык тармактагы “facebook” жана “instagram” баракчаларыбызга борбордо өткөн конференция жана башка жаңылыктарды жарыялап турабыз. Жакында YouTube баракчасын ачып, оорукана тууралуу маалыматтарды, кызмат көрсөтүүлөр боюнча роликтерди, адистердин жана бейтаптардын катышуусундагы видеолорду жайгаштырууну пландап жатабыз.
– Социалдык тармактардын өнүгүшү менен эл көйгөйүн ошол жерден жазып, айтып калышты. Сиздерде да ушундай учурлар кездешеби?
– Ооба, бизге да социалдык тармактар аркылуу көбүнчө “кантип көрүнөбүз?” деген суроолор келет. Кээде аймактан келген бейтаптар стационарда иштеген дарыгерлерге кайрылып, “бизди карагыла” деп талап кылышат. Бирок, стационардын дарыгерлери ооруканада жаткан бейтаптарды гана тейлейт. Мындай учурларда санитардык-эпидемиологиялык талаптар да бузулат. Себеби, келген бейтап сасык тумоо же кызылча менен ооруп жүрүшү мүмкүн, бул болсо башка бейтаптарга коркунуч жаратат. Анан түшүнбөстүк болуп, социалдык тармактарга “ооруканага барсак карабай, ар кайсы жакка жиберди” деп жазып чыгышат.
Ооруканада жүргүзүлгөн оңдоп-түзөөдөн кийин амбулатордук кызматтарды поликлиника жана кабыл алуу бөлүмүндө гана уюштурууга аракет кылып жатабыз. Кире беришке оорукананын картасын илип, “амбулатордук бөлүм -солго” деп жазып койгонубуз менен, көпчүлүк бейтаптар ага көңүл бурбай түз эле стационарга кирип кетишет.
– Сиздерде канча жашка чейинки балдарга акысыз кызмат көрсөтүлөт?
– Бизде жаңы төрөлгөндөн баштап 18 жашка чейинки балдар дарыланат. Жаңы төрөлгөн ымыркайлар (1 айга чейин) неонатология бөлүмүндө, кийин ар кандай адистештирилген бөлүмдөрдө каралат. Негизи 16 жашка чейинки балдар бекер дарыланышат. Бирок, айрым кызматтарга Мамлекеттик кепилдик программасынын негизинде белгиленген баа менен төлөм жүргүзүлөт. Эгер бейтап жолдомосу же талап кылынган документтери жок келсе, анда акы төлөнөт. Ал эми жергиликтүү Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан жолдомо алып келсе, ооруканага жатуу акысыз. Бейтаптар амбулатордук түрдө изилдөөлөрдү жана кеңештерди биздин ооруканада жүргүзсө, прейскуранттагы баалар боюнча төлөнөт. Ошол эле учурда бейтап өзүнүн жашаган жериндеги ҮДБлардан изилдөөдөн өтсө, ал жакта бардыгы акысыз. Мыйзам боюнча 18 жашка чейинки балдар жашы жете элек өспүрүм болуп саналат. Бирок кээ бир балдар 9-класстан кийин эле колледжге тапшырып кетишсе, алар өспүрүм катары эсептелбей калат.
Кенже Осмоналиева