"Эркин-Тоо"

Болот СТАМКУЛОВ: «МЫЙЗАМДУУЛУКТУН САКТАЛЫШЫ АКТУАЛДУУ БОЛУП ТУРАТ»

Кара-Буура районундагы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Болот СТАМКУЛОВ 

Кара-Буура районундагы Кара-Буура айыл өкмөтү Талас облусундагы эң чоң айыл өкмөт болуп саналат. Кара-Буура районунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү, калктын жашоо-шарттардын жакшырышы, мамлекетибиздин гүлдөп өсүүсү үчүн чын ыкласынан кызмат өтөгөн инсандарыбыздын сап башында келе жаткан Стамкулов Болот Музулумович буга чейин ушул райондогу Көк-Сай айыл өкмөтүн бир нече жыл жетектеп келди. Ротациялоо жолу менен КараБуура айыл аймагына которулуп келгенине 3 айдын жүзү болду. Ар бир райондо ак эмгеги менен ийгилик жараткан инсандар өз элинин сыймыгы. Мына ушундай сый-урматка ээ болгон КараБуура айыл өкмөтүнүн башчысы Стамкулов Болот Музулумович салык кызматынын жана айыл чарба кызматынын отличниги төш белгиси жана башка бир топ сыйлыктар менен сыйланган. Учурда ата журттун түмөн түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү милдеттери менен алек болуп жаткан айыл аймагынын башчысы биздин гезиттин кабарчысына төмөндөгүдөй маек уюштуруп берди.

— Болот Музулумович, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органында бир топ жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жатасыз. Кара-Буура айыл аймагы деле сизге жат эмес. Аймакта сиз белгилеген кандай маселелер бар экен?

— Туура айтасыз, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында узак жылдар аралыгында эмгектенип келатам. Ушул жылдар ичинде көптөгөн айыл башчылары, жетекчилери менен иштедим. Биринен сабак алдым, башкасына таасирлендим дегендей. Эл ишенимине ээ болуп жетекчилик кызматка дайындалуу, алардын үмүт-тилектерин актоо бир эсе сыймык болсо, бир эсе күнү-түнү түйшүк аркалаган жоопкерчилик эмеспи. Жаңы келген жетекчинин адистиги кайсыл багытта болсо, негизги күч аракетти ошол тармакка басым жасаларын байкадым. Менин деле артыкчылык берген багыттарым бар. Элибиздин жыргалчылыгы, мекенибиздин бакубаттуулугу, гүлдөшү үчүн кызмат кылсам дейм. Ак кызматтын, адал эмгектин өзгөчө принциптерин туу тутуп, элибиз менен мамлекеттик кызматты аркалаган замандаштарыбыздын ортосундагы мамилелерди бекемдеп, бири-бирине болгон ишенимдерин арттырсам деген тилектерим бар. Эл мүдөөсүн чечүүдө акыл дараметим, билимим, тажрыйбаларым жетиштүү топтолду деген тыянакка келип иштеп жатам. Эми, Манас атамдын, атабабаларыбыздын руху-духу дем берип, туура жолго багыштап, ийгиликтердин жарала тургандыгына ишенем.

Албетте, айылдыктардын көйгөйлүү маселелерин чечүү менин башкы принцибим. Айыл өкмөттө иштеген мезгилден тартып эле чечилүүнү талап кылган маселелерди сыртынан анализдеп, таразалап көрүп, өз алдымча жыйынтыктарды чыгарып келем. Азыр Кара-Буура айыл аймагын талапка ылайык өнүктүрүү максатында ар тараптуу иштер кызуу жүрүүдө. Аймактагы бош жаткан жерлерди, объектилерди инвентаризациялоо иштерин аяктоонун алдында турабыз. Биздин айыл өкмөт жалпы эле Талас облусу боюнча эң чоң айыл өкмөттөрдүн бири болгондуктан иштей турган иштер абдан эле көп. Аймактагы инсандарыбыздын укук маселелерин чечип, мыйзамдуулуктун сакталышы дагы азыр актуалдуу болуп турат. Карапайым адамдардын арасында өзүнүн жөнөкөй эле укуктарын билбей кыйналып жүргөн учурларын көп эле кездештирүүгө болот. Ошондуктан, айылдаштарымды өз укуктарын билип, мыйзамдын алкагында жүрсө эч качан утулбай, утуштардын үстүндө боло тургандыктарын айтып, мыйзамды сыйлоого чакырып келем.

Учурда айыл аймагында жер, таза суу, жол, жарыктандыруу, отун менен камсыз кылуу, жаштар, медицина, билим берүү тармактарынын тегерегиндеги маселелер бар. Кара-Буура айыл өкмөтү райондун борборунда жайгашкандыктан ички миграциянын күчтүү агымы бизге келип такалат. Анткени, райондун борбору Кызыл-Адыр айылында соода тармагы, ишканалар көбөйүп жаткандыктан, жумуш менен камсыз болуу жагы жакшы жолго коюлуп баратат. Четки айылдардан жумушсуздуктун айынан иш издегендер, ишкерлик менен алек болгусу келгендер биздин айыл өкмөткө келип катталып калышат. Аларды жумуш менен камсыз кылууга, ишкерлик кылса тиешелүү шарттарды түзүп берүүгө аракет кылып жатабыз.

— Кайсыл айыл аймагына барбагын калкты таза суу менен камсыз кылуу маселеси курч коюлуп турат. Бул маселе кандай чечилип жатат?

— Таза суу – чың ден соолуктун кепили десем болот. Бүгүнкү күндө айыл аймагында калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси өтө көйгөйлүү деп деле айта албаймын. Акырындык менен маселе чечилип жатат. Учурда айыл аймагындагы жаңы конуштарга таза суу жеткирүүгө аракеттер көрүлүүдө. Чоң Кара-Буура айылында 16 чакырым аралыктан булактан топтоо жолу менен айылдыктарга суу берилет. Учурда жаңы долбоорлорду киргизип, Үч-Булак айылына дагы жеткиликтүү таза суу берүү боюнча иштер жүрүп жатат. Аймактын элин таза суу менен камсыз кылуу үчүн 5-6 чакырым жерге суу түтүктөрүн тартышыбыз керек. Жаңы конуштарга таза суу жеткирүүгө аймагыбыздан чыккан белгилүү инсан, Жогорку Кеңештин депутаты Жумабеков Дастан Артисбекович чоң жардамдарды берүүдө. Таза суу менен камсыз кылуу багытында даярдаган документтерибиз экспертизадан өтүп, азыр иш башталууда. Ошондой эле аймактын демилгелүү жашоочусу Мирлан Назарбеков суу чыккан жерди казып берип, зор салымын кошууда. Мына ушул долбоорду жүзөгө ашырууга жергиликтүү бюджеттен 4 млн сом бөлүндү. Аймактагы тез арада чечүүнү талап кылган маселелерди жергиликтүү кеңештин депутаттары, айылдын активисттери менен биргеликте талкуулап келебиз. Ошондуктан, калкты таза суу менен камсыз кылуу биздин көңүлүбүздүн борборунду турган меселе.

— Айыл аймагынын элине ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн инфратүзүмдөрүн жакшыртуу маанилүү эмеспи. Жолдордун оңдоо, көчөлөрдүн жарыктандыруу сыяктуу иштери кандай жүзөгө ашууда?

— “Жолу оңолгондун – иши оңолот” деп коёт го. Айыл аймагында инфратүзүмдөрдү жакшыртуу боюнча мен жетекчи болуп келгенге чейин эле максаттуу иштер алып барылып жатыптыр. Айылыбыздагы таштак жолдор четинен асфальтталып, элибиздин жашоотурмушуна ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. 3 айылыбызда 2-3 чакырым ички жолдорун толугу менен оңдоо үчүн тендер жарыялаганы турабыз. Кийинки жылдары дагы ички, тышкы жолдорубузду оңдоого тиешелүү каражаттарды бөлүүнү караштырып жатабыз.

Айыл аймагындагы жаңы конуштардын муктаждыктарын жоюуга аракеттер көрүлүүдө. Чоң Кара-Буура айылынын жаңы конушуна 7 даана суу өтүүчү лотоктор коюлуп, эки көпүрө курулду. 100 карагай мамычаларын орнотуп, электр энергиясынын зымдары кошо тартылды. Аны менен кошо 3 трансформатор ушул аймактын элин электр энергиясы менен камсыз кылмакчы. 14 даана түнкү жарык берүүчү мамычалары ширетилип жакын арада көчөлөргө орнотулат. Айылдын борбордук эл өтүүчү тротуарына, мечиттин жанындагы жолго кум-шагыл төгүлүп жана сүрүлүп тегизделди. Борбордук көчөдөн 47 метр суу өтүүчү арыгы казылып, көчө кеңейтилди.

Андан башка Чаткал көчөсүнө жалпы 150-200 метрге чейин ирригациялык системасы оңдолуп, 6 даана лоток орнотулду. Ленин көчөсүнүн чыгыш жак бетине жаңы тротуар салуу үчүн даярдык иштери жүрүп жатат. Кызыл-Адыр айылынын Луговая, Колхозная, Суваналиев, Химия, Строительная, К.Осмоналиев, М.Керимбеков жана Парковая көчөлөрүнө жалпы кум-шагылдар төгүлүп, автогрейдер менен сүрүлүп тегизделди. Ал эми Кызыл-Адыр, Чоң Кара-Буура жана Үч-Булак айылдарынын жаңы конуштарына электр чубалгыларын тартууга жалпы 80 даана бетон мамычалары (столба) келип түшкөн. Кызыл-Адыр айылындагы жаңы курулган балдар билим берүү борборунун (ДОЦ) тегерегине кум-шагылдары төгүлүп, тегизделди. Ошондой эле Кызыл-Адыр айылынын Ч.Айтматов көчөсүнүн боюндагы тротуар аллеясына жалпы 168 даана ак кайың көчөттөрү отургузулду. 350 даана роза гүлдөрү мектеп жана бала бакчаларга бөлүнүп берилди. Е.Абилдаев атындагы сейил багына демөөрчүлөр тарабынан 10 даана ТяньШань дарагы, 59 даана Крымская сосна жана 59 даана ак кайың көчөттөрү тигилди.

Үч-Булак айылынын Талас – Тараз – Суусамыр автожолунун жээгиндеги жапайы бадалдар тазаланды. Жаштык көчөсүндөгү мамычаларга 5 даана фонар орнотулду жана Б.Усупбеков жана Жаманкулов көчөлөрүндөгү күйбөй калган фонарларды оңдоо иштери жүргүзүлдү. Жаштык көчөсүнө демөөрчүлөр тарабынан кум-шагылдары төгүлүп тегиздөө иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары Жаңы Конуш көчөсүнө жеке ишкер Бегалиев Анарбай тарабынан 8 метрлик көпүрө жана шагыл, кум төшөлдү. Ал эми айыл өкмөтү тарабынан грейдер менен тегизделип берилди. А.Сулайманов атындагы орто мектебине 9 түп туя, можжевельник сатылып берилди. Айтор, айылдарыбыздын жана башка инфратүзүмдөрүн жакшыртууга болгон күчаракетибизди жумшай беребиз.

— Айыл аймагынын кирешеси тиешелүү салыктарды топтоодон куралат эмеспи. Аймакта салык жыйноонун планы кандай аткарылып жатат? —

Салык жыйноо боюнча биздин айыл өкмөтүбүз алдыңкы көрсөткүчтөрдү жаратып, ар качан план-тапшырмаларыбыз ашыгы менен аткарылып келет. Аймагыбыздагы ишкерлер дагы салыкка болгон карыздарын өз убагында төгүп, мамлекет алдындагы жоопкерчиликтерин жогору баалашат. Быйылкы жылы жер үлүштөрү салыктан бошотулган. Бул жагдай дыйкандар үчүн чоң жардам болду. Дыйкандар кожолук салыктарын төлөп жатышат. Азыр ал салыктарды жыйноо мөөнөтү аяктап калды. Учурда ижарага берилген фонддун эсебиндеги жерлердин салыктары чогултулууда. Салыктын бул түрү дагы буйруса 100 пайызга толук чогултулмакчы. Жер салыгын алып койгондон бери бюджетибизди көтөрүү үчүн кошумча булактарды издеп, ички жана тышкы инвестицияларды тартуу үчүн инвесторлорго, жеке ишкерлерге мыйзамдын чегинде ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүдөбүз.

Учурдан пайдаланып айта кетүүчү нерсе, айыл аймагынын өнүгүшүнө Президент, Министрлер Кабинети, облустук, райондук башкаруу бийликтери жакшы жардам берип жатат. Маселен, аймактагы “Айданек” бала бакчасынын чатырын алмаштырууга республикалык бюджеттен, түрткү берүүчү гранттын эсебинен 1 360 000 сом бөлүнүп берилди. Ал эми Манас орто мектебинин сырткы терезелерин алмаштырууга 2 874 256 сом каралды. Борбордук шайлоо комиссиясы Жаштар борборуна 720 000 сомго 25 ноутбук, 5 телевизор алып берди. Жаратылышты өнүктүрүү фондунун 2 700 000 сом каржылык колдоосунун эсебинен таштандыларды чыгара турган “Хова” маркасындагы автоунаасын алдык. Жыл соңуна чейин белгиленген пландарды ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз.

— Элет жеринде жылданжылга калктын саны көбөйүп, айылдар кеңейип баратат. Ошону менен бирге көчөлөрдү таза кармоо, таштандыларды чыгаруу маселеси коюла баштады. Айыл өкмөтүндө бул маселени чечүүгө аракеттер көрүлүп жатабы?

— Туура айтасыз, айыл аймагында тазалык маселесине көңүл бура турган учур келди. Өзүңүзгө маалым, Президент Садыр Жапаров “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Мына ушул Жарлыкты аткаруунун алкагында жалпы эле айыл аймактарында атайын иш-чаралар иштелип чыккан. Кара-Буура айыл өкмөтүндө ушул багытта көп иштер жасалып жатат. Мында айыл өкмөткө караштуу коммуналдык чарбанын эмгегин басабелгилеп айткым келет. КызылАдыр айылынын ички көчөлөрү болгон Ч.Айтматов, Н.Кожомуратов, М.Айтматов, К.Осмоналиев, Межквартал көчөлөрү, Ленин орто мектебинин жана Чолпонбай көчөлөрүнөн жол жээктеп өскөн бактардын куураган бутактарын, жүргүнчүлөрдүн жана жөө адамдардын өмүрүнө кооптуу болгон дарактар кыйылып-буталды. Кыйылган дарактарды отун катары социалдык жактан коргоо бөлүмү менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, социалдык жактан муктаж адамдарга тизме аркылуу жеткирилип берилди.

Кыш айларында кар жаап жолдор тайгак болгонуна байланыштуу, өз убактысында автогрейдер техника каражаты менен ички көчөлөрдү кардан тазалап сүрүп, жолдорго кум чачуу иштери колго алынмакчы. Ошондой эле жазындагы маал-маалы менен өткөрүлүп турган ишембиликтерден чыккан катуу таштандылары жана парктар, аллеялардан жыйналган жалбырак таштандылары да өз учурунда таштанды полигонуна чыгарылып турду. Айыл ичиндеги жана сыртындагы көрнөк жарнактар жаңыртылып, сырдалып аны менен бирге жол боюндагы жана парктар ичиндеги өсүп турган талдар акталды.

Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата өткөрүлүүчү ишчараларга карата айылыбыздын борборундагы белгисиз жоокердин айкелинин айлана тегереги иретке келтирилип, актап сырдоо иштери аткарылды. Аны менен бирге Лениндин, Ч.Айтматовдун эстелиги жана Тараз – Талас – Суусамыр автожолунун боюндагы “Баатырлар аллеясы” жана башка коомдук жайларда тазалыкты сактоого өзгөчө көңүл бурулуп келет. Ошондой эле Талас – Тараз – Суусамыр автожолунун боюндагы түнкү жарык жана электр энергиясын берүүчү темир мамычалар ар кандай боёктор менен сырдалды.

Кызыл-Адыр айылынын Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан борбордук паркында сырткы демөөрчүлөр тарабынан жүргүзүлгөн курулуш иштерине коммуналдык чарбанын техника каражаттары тартылып, кум-шагылдары ташылып, курулуш иштерине жолтоо болгон бак-дарактарды бутоо, кесүү жана эски бетон плита калдыктары алынып, аны менен бирге орнотулуучу эстеликтердин пайдубалдарынын орундары дагы дайындалды. 2022-жылда ортодогу түзүлгөн келишимдердин негизинде Кызыл-Адыр айылында жайгашкан мекемеуюмдардан, ишканалардан, соода түйүндөрүнөн, коомдук тамактануу жайларынан, базарлардан, борбордук жана башка ички көчөлөрүнөн ГАЗ-3309 автомашинасынын базасындагы АЗ-КО 440-2 өзү жүктөөчү мусоровозу менен катуу таштандылар салынуучу жалпы саны 100 даана контейнерлерден башкача айтканда болжолу 1113 тонна катуу таштандылар ташылып чыгарылды.

Атайын автоунаалардын жардамы менен “Байчечекей”, “Бүчүр”, “Айданек” балдар бакчаларынын, Ж.Субанбеков ОМнин, Карл-Маркс кварталындагы жана Межквартал көчөсүндөгү эки кабаттуу үйлөр арасындагы саркынды суулар жыйналуучу кудуктарынан өз убагында саркынды суулары сордурулуп тазаланып турат.

Кызыл-Адыр айылынын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан таштанды таштоочу жайына төгүлгөн катуу таштандылар коммуналдык чарбанын карамагындагы атайын унаа жана автогрейдердин жардамы менен ар бир айда бир жолу сүрдүрүлүп турат. Кээ бир айылдын жашоочулары чачыранды, ар кайсы жерге ташталган катуу таштандыларды тазалап, айлана-тегерегин иретке келтирүүгө жардам беришүүдө. Коммуналдык чарбанын айдоочулары, жумушчулары атайын кийимдери, атайын бут кийимдери жана башка күнүмдүк керектүү нерселери менен камсыздалган. Аны менен бирге техника каражаттары техникалык кароолордон жана өз учурунда жазгы-жайкы жана күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктардан өткөрүлүп турат. Азыркы күндө график боюнча иш аткарышууда.

Эми сөзүмдүн соңунда айтарым, элеттеги элибиз учурдун талабын туура түшүнүп, ишкерликти жакшы өздөштүрүп алышты. Кайсыл тармактан кандай киреше түшөт, кантип иштөө керек эч кимден сурашпайт. Элибиз “иштин көзүн билип”, калктын жашоо деңгээлинин өсүшүнө жакындан жардам берип жатат. Айыл өкмөтү элибиздин жакшы жашашы үчүн болгон шарттарды түзүүгө милдеттүүбүз. Жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте жыл башынан белгиленген плантапшырмаларды аткарып, элибиздин алдында жүзүбүз жарык болуш үчүн тыным албай иштей беребиз.

P.S. Айыл өкмөт башчысы Болот Стамкулов узак жылдардан бери ушул кызматты аркалап келет. Эл ишенимин туу тутуп, алардын айыл аймагы менен байланышкан үмүттөрүн, максаттарын ишке ашыруунун үстүндө иштеп жаткан учуру. Болот мырзанын жетекчилиги астында көптөгөн долбоорлор ишке ашып, КызылАдыр айылынын жашоочулары кубанып турчу күндөр алдыда. Болот мырзага жана анын элине аманчылык, бакубатчылык каалайбыз.

№103 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 22-ноябры
Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!