Болотбек Абдрахманов “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин директору болуп дайындалды. Аны кызматка дайындоо боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругу чыккан.
Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандаЙ, жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырып, алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, Б.Абдрахманов 2019-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде илимий кызматкер болуп эмгектенген.