"Эркин-Тоо"

Бомба тууралуу жалган маалымат тараткан окуучу аныкталды

Сокулукта окуучу бала өзү окуган мектепке бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн 13-ноябрда Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя бүгүн Сокулук айылындагы №1 мектепте саат 08:25те райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө окуу жайга бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Имарат дароо курчоого алынып, окуучулар менен мугалимдер эвакуацияланган.

«Ыкчам териштирүү жүргүзүлүп, аталган мектепте окуган 16 жаштагы бала аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Териштирүү уланууда»,– деп атыйлат маалыматта.

Редактор