Өлкөгө мамлекет сатып алган алгачкы Bombardier Dash 8 Q400 учагы келип конду. Аба кемесин «Манас» аэропортунан «суу аркасы» менен тосуп алышты. Салтанатта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, жылдын аягына чейин мындай учактан дагы үчөө келерин билдирди
Аталган учактар Канададан чыгарылып, 80 адамга ылайыкталган. Бийлик бул аба транспорту өлкө ичиндеги каттамдарды аткарарын айтып келет.