Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 7–8 жаштар чамасындагы баланы каналдан аман алып чыккан куткаруучуларга ыраазычылык билдирип, аларга мамлекеттик сыйлык — медаль тапшырды. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя 2024-жылдын 29-июлунда Ош шаарында катталган. Саат 18:10 чамасында Көмжан Жээнбаев көчөсүнөн өтүп жаткан каналдын агымында бир бала сууга агып бара жатканын куткаруучулар байкап калышкан. Алар ыкчам аракет кылып, баланы суу ичинен чыгарып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан соң бала “Тез жардам” кызматына өткөрүлүп берилген.
Маалым болгондой, куткаруучулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдар кызматында атайын даярдыктан өтүшкөн жана учурда “Жанат Resort Ош” эс алуу жайында иштеп келишет.
ӨКМден белгилешкендей, Суучулдар кызматы жыл сайын 400дөн ашуун жаш жаранды сууда куткаруу ыкмаларына үйрөтүп, атайын тастыктама берет. Бул документ менен алар өлкө аймагындагы ар кандай суу объектилеринде иштөөгө укуктуу.
Быйылкы жылдын алгачкы сегиз айында эле аталган кызматтан билим алган куткаруучулар 40тан ашуун адамдын өмүрүн сактап калган.

