«Кыргыз темир жолунун» берген маалыматына караганда, 5-9-апрелде Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери белгиленген убакытта жолду толугу менен жабышат.
Бул күндөрү Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлүп, темир жол менен автоунаа жолу алты саатка жабылат.
Маалыматка караганда, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Боом капчыгайындагы 117-118-чакырымдары жана темир жолдун 3885-3886-чакырымдары эртең мененки саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.
Айдоочуларга алдын ала альтернативдүү маршрут сунушталат.