"Эркин-Тоо"

Боом капчыгайындагы жол кырсыгында 3 адам каза болду

Боом капчыгайында Тoyota Avensis жана Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсыктан үч адам каза болгон. 6 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Учурда жол тескөөчүлөр кырсыктын себептерин аныктоо максатында тергөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!