"Эркин-Тоо"

Боомдо таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Боом капчыгайында 7, 8, 10, 11-май күндөрү таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Таш кулатуу иштерине байланыштуу жол эртең мененки саат 9:00дөн күндүзгү 15:00гө чейин маал-маалы менен жабылып турат.

Айдоочулар каттамды алдын ала пландап алышы шарт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!