"Эркин-Тоо"

Боомдо таштарды кулатуу иштери жүргүзүлүп, жол маал-маалы менен жабылып турат

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 129-чакырымында 24-28-апрель күндөрү (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) жүргүзүлөт. Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы жарандарга автоунаа менен барчу жолду алдын ала пландаштырууну сунуштайт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!