«Кыргыз темир жолу» ишканасы билдиргендей, Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Боом капчыгайынын 117-118-чакырымда таш кулатуу иштери жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу, поезд жана автоунаалардын өтүшүнө 12-16-апрель күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин чектөөлөр киргизилди.
Боом капчыгайында кооптуу аймактар көп болгондуктан, мезгил-мезгили менен тазалоо иштери жүрүп турат.