"Эркин-Тоо"

Боор алмаштыруу боюнча экинчи операция ийгиликтүү аяктады

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев трансплантологдор тобу боорду алмаштыруу боюнча экинчи операцияны ийгиликтүү аякташканын билдирди.

Бейтаптардын гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу. Операция 9 саатка созулуп, ага министр баштаган кыргыз-түрк адистери катышты.

Адистер ооруканада нөөмөттө туруп, бейтаптардын абалына көз салып, аларга керектүү медициналык жардамды камсыз кылышууда.

Кыргызстанда акысыз боор алмаштыруу операциялары 10-июнда жасала баштады.

Операцияларды жасоо үчүн Түркиядан Инөнү университетинин (Малатия) ректору, профессор, академик Ахмет Кызылай баштаган университеттин клиникасынын трансплантологдор тобу келген.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул иш-чара өлкөнүн медицина тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин жана боор трансплантациясына муктаж бейтаптардын жашоо сапатын бир топ жакшыртаарын белгиледи. Операциялар президенттик фонддон каржыланып, бардык муктаж болгондор үчүн жеткиликтүү болот.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!