"Эркин-Тоо"

Боор алмаштыруу операциясына 15 адам кезекте турат

Саламаттыкты сактоо министрлиги бейтаптарды боорду алмаштыруу операцияларынын кийинки этабына даярдоону улантууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады. «Учурда боор алмаштыруу операциясына 15 адам кезекте турат. Төрт реципиенттин ылайыктуу донорлору бар, алар операцияга чейинки бардык зарыл текшерүүлөрдөн өтүшөт», -делет маалыматта.