"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Боору алмаштырылган биринчи бейтаптын донору ооруканадан чыгат

Боору алмаштырылган биринчи бейтаптын донору бүгүн ооруканадан чыгат. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 10-июнда Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасында жасалган.

Операция 8-9 саатка созулуп, ага Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жетекчилиги астында кыргыз дарыгерлери жана түрк адистери катышкан.