"Эркин-Тоо"
Саясат

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жыйыны өтүүдө

Түркмөнстанда Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин жолугушуусу өтүп жатат. Президенттердин алгачкы диалогу бейрасмий форматта өткөнү маалым болду. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов келген конокторду Каспий деңизинин жээгинде тосуп алды.

Маалыматка ылайык, мамлекет бачшылар жолугушуунун алкагындагы расмий чогулушунда мамлекеттердин экономикалык кызматташтыгын жакшыртып, энергетика тармагы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Мындан тышкары Афганистандагы кырдаал талкуулана тургандыгы айтылды.