“Кытай – Борбордук Азия” маалымат агенттиктеринин форуму Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жатат. Иш-чараны Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттиги менен Казакстандын президентинин Телерадиокомплекси биргелешип уюштурган.
Форумга Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.
Жолугушуунун күн тартибине төмөнкү темалар кирди: Жибек жолу боюнча медиа кызматташтыкты тереңдетүү, эл аралык коммуникациянын жаңы форматтарын өнүктүрүү, маданий мурастарды сактоо, “Жашыл Жибек жолу” концепциясын ишке ашыруу, энергетикалык коопсуздук жана Евразиялык байланыштарды чыңдоо.
Форумдун ачылышында Казакстандын президентинин жардамчысы Арман Кырыкбаев мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин форумга арналган куттуктоо катын окуп берди. Анда Токаев медиа кызматташтыктын маанисине токтолуп, бул жааттагы өнөктөштүк өлкөлөр ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
“Синьхуа” агенттигинин башкы директору Фу Хуа өз сөзүндө Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы достук жана жакын коңшулук мамилелерди баса белгилеп:
“Биз ‘ЖМКны жакындатуу жана даанышмандыкты топтоо’ концепциясы аркылуу биргелешкен аракеттерге даярбыз. Кытайда ‘Эл ынтымактуу болсо, тоолор да жылат’ деген макал бар. Борбор Азияда болсо ‘Ынтымак бар жерде ырыс бар’ дешет. Бул форум кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарарына ишенебиз”, — деди ал.
Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев да жыйынга катышып, маалымат каражаттарынын элдерди жакындатуудагы жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды жайылтуудагы ролуна токтолду.
“Бүгүн дүйнө тез өзгөрүүдө. Бул шартта мамлекеттер ортосундагы ишенимге негизделген өнөктөштүк өзгөчө мааниге ээ. Борбор Азия өлкөлөрү быйыл мамлекеттик чек араларды делимитациялоону жыйынтыктап, достукту жана экономикалык кызматташууну тереңдетүүдө маанилүү кадам таштады”, — деди ал.
Ошондой эле Шерметалиев Борбор Азияны “түбөлүк тынчтыктын аймагы” катары жарыялоо тууралуу демилге аймактагы саясат үчүн бурулуш болгонун белгилеп, бул процессте ЖМКлар ортосундагы кызматташуунун маанисин белгиледи.
“Маалымат каражаттары коомдук пикирди калыптандыруу, улуттар аралык түшүнүшүүнү бекемдөө жана стереотиптерди жоюу жаатында негизги ролду ойнойт. “Кабар” агенттиги бардык багыттар боюнча — кесипкөй алмашуудан тартып, биргелешкен маалыматтык долбоорлорго чейин — кызматташууга даяр”, — деп кошумчалады ал.
Форум алкагында дагы бир катар секциялык жыйындар өтүп, тараптар маалымат мейкиндигиндеги жаңы чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр боюнча пикир алышууда.

