Бишкектин Маевка аймагында жаңы «Алтын-Казык» мал базары ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Жаңы базар 4 гектар аянтты ээлейт. Анда 1520 майда мал жана 600 бодо мал үчүн жабык орундар, ветеринардык пункт, изолятор, касапкана, намазкана жана ашкана жайгашкан. Касапкана күнүнө 200 бодо жана 300 майда мал союууга ылайыкташкан.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, аталган жерге эски мал базарлар көчүрүлүп, талапка жооп бербеген 20га чукул мал союучу жай жабылат.
Белгилей кетсек, долбоорго 200 млн сомдон ашуун каражат жумшалды.