"Эркин-Тоо"

Борбор калаада 29-октябрда кимчи фестивалы өтөт

2022-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тарабынан уюштурулган «Кореялык Кимчи фестивалы жана салттуу шараптын дегустациясы» өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 2013-жылы кимчи жасоо маданияты ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурас статусун алган.

Кимчи, Корей шараптарын даамдоо фестивалы, кимчи жасоону жана салттуу суусундуктардын ар кандай түрлөрүнүн дегустациясын жайылтуу жана уюштуруу аркылуу корей ашканасын  салттуу суусундуктарын таанытуу үчүн маанилүү окуя болуп саналат.

Иш-чара Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда саат 11:00дөн 15:00гө чейин өтөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!