"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Борбор калаада бир нече күн ысык суу өчүрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунан 6-августуна чейин жылуулук магистралдарындагы туташтыруу иштерине байланыштуу бир нече аймакта ысык суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, өчүрүү ЗПЗ-I жылуулук магистралындагы түтүктөрдү Осмонкул көчөсүндө жайгашкан №3 насостук станцияга курулуп жаткан жаңы түтүктөргө кошуу иштерине байланыштуу жүргүзүлмөкчү.

Ысык суу берүү төмөнкү даректерде токтотулат:

  • Чүй проспектиси: №46, 48, 50, 52, 121 (адм. имарат), 123 (медресе), 125;

  • Герцен көчөсү: №95а, 51 (бала бакча);

  • Гоголь көчөсү: №107 (бала бакча), 109, 111, 113;

  • Сүйүмбаев көчөсү: №18, 73 (РОВД), 80, 123/1;

  • Осмонкул көчөсү: №36 (Улуттук медициналык борбор), 40б (жеке мектеп);

  • Киев көчөсү: №1б, 2б.