Бишкек шаарындагы Карагач токоюнда жайгашкан Комсомол көлү оңдоп-түзөөдөн өтүп, кайрадан шаар тургундары менен конокторуна эшигин ачты.
Бишкек шаардык мэриясы: «Көл күн сайын саат 10:00дөн 19:00гө чейин иштейт. Эс алуучулардын коопсуздугу үчүн куткаруучулар нөөмөттө турушат. Жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырабыз!» – деп билдирди.
Сууга түшүү эрежелери:
-
Балдар сууга чоңдордун көзөмөлүндө гана түшүшү керек;
-
Белгиленген чектен ары сүзүүгө болбойт;
-
Мас абалында сууга түшүүгө тыюу салынат;
-
Балдарды суу жээгинде жалгыз калтырбаңыз;
-
Кайыктардын жанында сүзүүгө жана моторлуу кайыкты кууп чыгууга болбойт;
-
Шамалдуу же булуттуу аба ырайында сууга түшпөңүз.

