"Эркин-Тоо"

Борбор калаада улуттук баалуулуктарды чагылдырган көргөзмө болду

Бүгүн, 24-апрелде, Кыргыз мамлекеттик С.А.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» аталышындагы көргөзмө болуп өттү. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын алкагында уюштурулду.

Аталган окуу жайдын тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Венера Жамалова иш-чараны өткөрүү максаты тууралуу маалымат берип: «Бул көргөзмө улуттук баалуулуктарды жайылтуу, жаштар арасында жарандык патриотизмди, улуттук рухту бекемдөө жана маданий мураска болгон сый-урматты арттыруу максатында уюштурулду. Уңгужол – бул кыргыз элинин руханий жаңылануусунун, улуттук өзүнчө мүнөзүнүн жана келечекке болгон ишениминин символу», — деди.

Көргөзмөгө жаш сүрөтчүлөрдүн, устаттардын жана искусствону сүйүүчүлөрдүн улуттук, тарыхый каада-салтты, анын заманбап искусство менен болгон айкалышын чагылдырган эмгектер коюлду. Аны менен катар Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Уңгужолдун концепциясы, анын коомдогу орду жана улуттук идеологиядагы мааниси тууралуу баяндама жасады.