Бишкек шаарынын көчөлөрүнө «Тазалык» муниципалдык ишканасынан чыккан жаңы таштанды урналары орнотулуп жатат. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, февраль айында жаңы аялдамаларга «Тазалык» муниципалдык ишканасынын өндүрүшүнөн чыккан 100дөн ашык урна орнотулган.