Бишкекте 21-июлдан 25-июлга чейин орточо басымдагы газ түтүгүн кесүү иштерине байланыштуу жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекгаз» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Газ берүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда токтотулат:
Калык Акиев, Чүй проспектиси, Токтогул, Фрунзе, Ибраимов, Сүйүмбаев, Жукеев-Пудовкин, Суванбердиев, Киев, Лев Толстой көчөлөрү, ошондой эле «Кыргызавтомаш» заводу, макарон цехи, Жыргал жана Байтур мончолору жайгашкан аймактар.
«Иштер ишенимдүү жана коопсуз газ менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө. Биз жаратылыш газын пайдалануунун коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн бардыгын жасайбыз», — деп айтылат маалыматта.

