"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Борбор калаанын айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Эртең, 24-декабрда, Бишкек шаарынын айрым жерлеринде саат 10:00дөн 22:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, суу берүү жер астындагы өтмөк аркылуу өтүүчү D-150 мм жаңы линияны кайра туташтыруу иштерине байланыштуу токтотулат.

Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт: Айчүрөк ЦУМ, «Берен Голд» соода борбору, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры, КАБАР агенттиги, Борбордук шайлоо комиссиясы, Шопоков көчөсү 98а, Фонтан аймагы жана Италиянын ардактуу консулдугу.