"Эркин-Тоо"
Саясат

“Борбордук Азия – Европа Биримдиги” эл аралык экономикалык форуму болуп өттү

Бишкек шаарында “Борбордук Азия – Европа Биримдиги” биринчи эл аралык экономикалык форуму өткөрүлду. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Форумда Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, иш-чаранын башкы максаты региондор ортосундагы экономикалык өз ара байланыштарды кеңейтүү экенин билдирди.

Форумдун катышуучулары жашыл, туруктуу, климаттык экономикага өтүү, санариптештирүү, ишкерликке жагымдуу шарт түзүү маселелерин талкуулап, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен Европа Биримдигинин учурдагы өз ара аракеттенүүсүнүн абалы, экономикалык кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнүн премьер-министрлери жана өкмөт башчыларынын орун басарлары , Европа Биримдигинен Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис, ЕБ мүчө-мамлекеттеринин жогорку даражалуу өкүлдөрү, региондо ЕБ долбоорлорун ишке ашырып жаткан уюмдар, Борбордук Азия жана Европа өлкөлөрүнүн жеке секторунун өкүлдөрү, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, анын ичинде европалык каржы институттары катышышты.