"Эркин-Тоо"

БОРБОРУБУЗ ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАШЫЛ КАЛААГА АЙЛАНБАЙТ?

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу жакында Кытай Эл Республикасына иш сапар менен барып келди. Алардын бири Нуржигит Кадырбеков 21-июнда Парламенттин жалпы жыйынында Кытайга болгон сапар тууралуу айтып берди. Ал Кытай өлкөсү акыркы жылдары жашыл саясатка көңүл буруп, токойлорду дүркүрөтүп өстүрүп, дары чөптөрүн кымбат баада сатууга басым жасагандыгын белгилеп, “Эмне үчүн Кыргызстанда мындай саясат жок” деген суроо салды. Эл өкүлү жашыл экономика саясаты Өзбекстанда да тез жайылганын, кошуна өлкөдө жылына миллиарддаган көчөттөрдү отургузуу иштери жүрүп жаткандыгын да айтып өттү. Мындан улам Нуржигит Кадырбеков өзгөчө Бишкек шаарынын жашылдандырылбай жаткандыгын белгилеп Бишкек мэриясынан калааны көрктөндүрүү боюнча эмне иштерди аткарып жаткандыгын айтып берүүсүн талап кылуу менен Президент Садыр Жапаров демилгелеген “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн алга жылдырбай жаткандарга нааразы болду.

Эл өкүлүнүн айтканынын жөнү бар. Кытай бул жакта турсун Бишкек шаары Ош шаары менен салыштырганда да жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча артта калгандыгын айта кетели.

Негизинен Кыргызстандын түштүгүндө түндүк аймагына салыштырмалуу абанын температурасы 1 же 2 градуска жогору болот. Бирок, Ош облусунун аймагы жана Ош шаарынын өзүндө бак-дарактар жапжашыл болуп кулпуруп турганын байкадык. Ош Эл аралык аэропортунан тарта Ош шаарына чейинки жолдун бою жашыл аймакка айланыптыр. Мындан бир топ жыл мурда отургузулган карагайлар ысык аба ырайына карабай жашыл бойдон желге ыргалып турат.

Ал эми Бишкек шаарында бул маселе курч бойдон. Акыркы апталарда суунун тартыштыгы көйгөйдү дагы да тереңдетип жиберди сыяктанат. «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын басма сөз катчысы Гульнара Ажиева быйыл борбор калаада план боюнча 15 миңден ашык дарак отургузулганын айтты. “Андан тышкары “Жашыл Мурас” долбоорунун алкагында 5 миңден ашык бак-дарак отургузулган. Бак отургузуу иштери күзгө чейин дагы уланмакчы. Шаардын чок ортосу болсо 1 миллион 700 миң гүл, 6000 даана роза менен көрктөндүрүлгөн. Мындай иш-чаралар жылда уюштурулат” деди. Анда эмне үчүн Бишкек шаары кулпуруп чыкпайт?

Быйыл суу тартыш болуп, кыйынчылык жаралып жатат дейин десең, шаар бийлиги буга чейин эле жашылдандыруу иштеринде натыйжа көрсөтө алышкан эмес. Ушул күндөрдө суунун тартыштыгы тууралуу көп эле сөздөр айтылып, “Бишкек суу чарба” муниципалдык ишканасы “Дыйкандардан суу талашып, шаардын бак-шагын аралата эки маал суу берип жатабыз” дегени менен арыктардын дээрлик көбү кургап турат.

Шылтоо аба-ырайы. Жазында суук болуп мөңгүлөр ээрибесе, эми күн ысып кургакчылык болуп жатыптыр. Кыскасы ысык-сууктун айынан Бишкек шаарынын жашылдандыруу иши натыйжалуу эмес. Ош шаары Бишкек шаарынан да ысык эмеспи. Ал жакта бак-дарактарга жана жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурулуп, өз маалында сугарып турууга көзөмөл күч экени белгилүү.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
№50 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 23-июну

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!