«TOKIO2020» Спорт оюндарынын олимпиадасында Мээрим Жуманазарова коло медаль утту. Дүйнөлүк мелдеште Кыргызстанга сыйлык алып берип калктын сыймыгы болгон Мээрим Жуманазарованын буга чейинки ийгиликтери, үй-бүлөсү, ага болгон элдин алкоолору тууралуу маалыматтар маалымат айдыңында учурда кызуу жарыяланып жатат. Биз дагы балбан кызыбыз тууралуу сурап Мээримдин эң жакын насаатчысы, таятасы Боронбай Чолпонкуловго кайрылдык.
-Боронбай ата, саламатсызбы. Куттуктайбыз. Өзүңүз тууралуу айтсаңыз?
-Мен Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын тургунумун. Төрт эжем, эки агам бар, үйдүн эң кенжесимин, жашым 70ке келди. Жаш кезимде ресторандарда, ашканаларда ашпозчу болуп кийин колхоздо иштедим. Жубайым Ыкын экөөбүз 3 уул, 3 кыз тарбиялап чоңойттук. Эң улуу кызым Айнура Мээримдин апасы. Май айылына келин болгон. Күйөө балам Дүйшөнбай спорт чебери. Спорттун кишиси. Өзү кызыгат экен. Мындан 20 жылдай мурун эле Таласта күрөшкө кызыккандарды өзүнүн үйүндө машыктырчы.Айылда кайсыл шарт, спортзал жок. Ага карабай үйүндө машыктырып, кызым алардын тамак ашын жасап күйөө балага жардам берип жүрчү. Анан үй салып жертөлөсүн спортзал кылышты. Ошол жерде машыгып жүрүштү. Анан Мээрим 12 жашка чыкканда спортко кызыгуусун байкадыбы аны машыктыра баштады. Мээримдин классташ кызы Айпери Медет кызы да машыга баштады. Айылдан көп эле кыздар-балдар келип жатышчу.
-Мээрим кечээ мелдеште өзүнүн эр мүнөзүн көрсөттү. Өжөрлүк менен акыркы секунддарда ийгиликти имерди. Ийгилиги мүнөзүндө эмеспи?
-Мээрим өзү кичинесинен там-туң басканы бир орунга турбай улам бир жерге чыгып, секирип, чуркап өтө бейбаш болчу. Баладай болуп бир нерселерден да коркуп калчу эмес. Кичинесинен эле ат минип, ат үстүндө ойночу. Атасы менен машыгып идиреги бар экен башка нерсеге кызыкпай күрөшкө бар дитин койду го. Таласта мелдештерге чыгып жүрдү, бат эле байгелерге жете баштады. Анан ушул Талас жака барыптыр, жанында атасында машыгып жүргөн 2-3 классташ кыздары бар. Жолдо келатса бейбаш балдар тийишкен го. Кой ай дешсе керек. Бир аздан кийин тийишкен бейбаштарды үчөө тең көтөрө чаап, басып кетишиптир. Анда мектептеги кыздар эле. Дагы бир кичине мелдеште шок балдар бар да, же Мээримге ичи жылыган балабы билбейм мелдеш бүтүп Мээрим жеңди деп эл алдына алып чыгып сыйлык берейин десе бир бала чуркап келип бетин өбөйүн деген экен Мээрим чоочуп кетиптир, артынан байкатпай келген баланы артын карабай эле жерге жыгыптыр, анан көрүп каткырып күлгөн. Бирок, Мээрим спорттун кишиси болгону менен ал өтө назик кыз. Үйдө жүрсө аны балбан кыз деп эч ким ойлобойт. Кичине, арык, назик. Мен балбанмын деп төш какпаганы жагат. Бир деме айтсаң жылмайып эле коет. Ашыкча дагы сүйлөбөйт, кез-кезде эле сөз чыкпаса, ар дайым унчукпай ойлуу жүргөндөй сезилет. Кубанса, кейисе бир өзгөрбөйт. Эмоциясын сыртка чыгарбайт. Ошонусуна таң калам.
-Мээримдин сиңдилери да машыгып жүрөт. Сезим деген сиңдиси чыканактай болуп ийгиликтери көп экенин угуп жатабыз.
-Мээрим өзү 13 бир тууган. Агасы машыгат. Сиңдиси бар Сезим деген. Аны күрөшөт деп эч ким ойлобойт. Чепийген арык кичине кыз. Бирок, ошол кыздан да бир жакшы ийгилик болот. Чыканактай болуп чоң аренага келе жатат. Баардык мелдештерде медаль тагынып, таанылып калды. Дагы бир сиңдиси да машыгып жатат. Күйөө балам өзүнүн үйүнө чайын берип ашын берип элдин спортко кызыккан балдарын бекер эле машыктырчу эле, эми ошол таза мээнети жанып кыз болсо да кызы минтип элдин керегине жарап жатат. Мээримим болсо мен ооруп калганда, таята деп дем алдыруучу аппарат сатып берди. Эми аялдык бактысын тапса экен тилеймин.
-Маегиңизге рахмат, элдин сыймыгына айланган Мээрим кызыбыздын алдыдагы ийгиликтери көп болсун.
Салика Абдиева