Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы бош орундарга өткөрүлгөн сынакка катышуу үчүн документтерди тапшыруу тартиби электрондук форматка өткөрүлдү.
Маалыматка ылайык, талапкерлер бардык документтерди онлайн режиминде жөнөтө алышат. Тагыраагы сынакка катышуу үчүн документтерди кагаз түрүндө тапшыруунун зарылдыгы жок. Бардык материалдар «Колдонуучунун жеке кабинети» аркылуу электрондук форматта кабыл алынат.
Документ тапшыруу үчүн жарандар:
– тиешелүү порталга катталып, жеке кабинетине кирет;
– сынак үчүн талап кылынган документтерди электрондук форматта жүктөйт;
– документтердин кабыл алынышы жана каралышы боюнча абалын жеке кабинети аркылуу көзөмөлдөй алат.
Бул тартип жарандардын убактысын үнөмдөөгө, кошумча чыгымдарды азайтууга жана сынакка катышуу процессин жөнөкөй, тез жана ыңгайлуу кылууга багытталган.

