Алдамчылык фактысы боюнча К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-августта Бостери айылынын аймагынан криминалдык чөйрөлөрдө «Мокинтош» каймана аты менен белгилүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү М.М.М. кармалды.
2020-жылы М.М. Чолпон-Ата шаарынын ипподромунун жанынан жер тилкесин берүүнү убадалап, КР жаранынан 5 миң доллар жана «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаасын тартып алган. Бирок, акырында жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин К.Асанбекке өткөрүп берген.
Ыкчам-тергөө иш-чаралары көрүлгөндөн кийин М.Мусадаров КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.