Бостериде каза болгон Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмү боюнча ИИМдин Атайын багыттагы полкунун үч кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бостериде каза болгон жарандын өлүмү боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жайкы туристтик мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлеринен кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмыш иши боюнча КР ИИМдин Атайын багыттагы полкунун милиционерлери К.У., Н.У., жана Э.А. кармалып, райондук милициянын УКЖга киргизилип, райондук соттун чечими менен аларга карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.Учурда тергөө амалдары уланууда.