Интернет колдонуучулар Бишкектеги 7-апрель Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Э. Гареев атындагы Ботаникалык бактын территориясында чөөлөр жүргөнүн видеого тартып алып жарыялады. Видеонун алдында жарандар ар түрдүү пикирлерин калтырганын көрүүгө болот. Көпчүлүк шаар тургундары бакта чөөлөрдүн жүрүшүнө тынчсызданып, ал адам өмүрүнө кол салбасына кепилдик жок экенин, тиешелүү адистер эртелеп чара көрүшүн талап кылган пикирлерин калтырышкан. Буга байланыштуу Ботаникалык бактын жетекчилиги менен байланыштык.
Ботаникалык бак илимий-изилдөө институтунун өкүлү Алимбай Эргешов менен байланышканда бактын айланасында чөө бар экенин бышыктады. “Өткөн жуманын соңунда чөө бар экенин билдик. Тиешелүү тараптар менен чечим кабыл алынды. Чөө жырткыч статусун алган жаныбар, адамдарга кол салышы да ыктымал. Бактагы чөөлөрдү 11-мартта атайын адистер келип атып жок кыла турган болушту. Адамдардын бул бакка кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизүү каралып жатат. Жарандардын коопсуздугу баарынан маанилүү”, — дейт ал.
Чара көрүлөт
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрилигинин алдындагы Биоресурс башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев бактын жетекчилигине тапшырма берилгенин билдирди. “Ал жерде 4 чөө жүргөнү аныкталды. Ботаникалык бактын жетекчилигине кандайдыр бир чара көрүүнү тапшырдык. Жырткыч жаныбар адамдарга же жаш балдарга кол салбайт деп эч ким кепилдик бере албайт, бул абдан кооптуу. Чөөнү үркүтүп тоо тарапка айдоо, атайын капкан салуу, же атып жок кылуу чараларынын бири кабыл алынышы зарыл. Айрым активисттер чөөнү атпоо туралуу да пикирлерин билдирип жатышат, бирок бул кооптуу”, — дейт.
Сейилдегенден кооптонуп калдык
Нурбек Байтереков 14 жылдан бери Көк-Жар конушунда жашайт. Чөөлөр кечкисин көбүрөөк улуп жатканын айтат. Бакка сейилдегенден да кооптонуп калдык. Чоң киши го мейли, ботаникалык бактын ичинде окуучулар, жаш балдар көбүрөөк жүрүп калышат. Балдарга кооптуу да . Биз билгени чөөлөр тоо тараптан түшүп келди. Бактын ичинде кыргоолдор бар деп айтылат, чамасы ошолорго кол салып, азыктанышат өңдүү”, — деди ал.
Мээрим Бактыбек кызы