Улуу Британиянын Норвич шаарынын жанынан VII кылымдагы Чыгыш Англия падышалыгына таандык алтын тыйын табылды. Бул тууралуу Arkeonews маалымат агенттиги билдирди.
Табылга ошол доордогу диндерди чагылдырат. Археологдордун айтуусунда, тыйындын курамында 56–60% алтындан турат жана бул анын падышалык башкаруу учурунда расмий чыгарылган болушу мүмкүн экендигин көрсөтөт.
Учурда тыйындын музейге өткөрүлүшү күтүлүүдө.