"Эркин-Тоо"

Британиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Министр Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 22-23-апрелде Британиянын Тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон Кыргызстанда расмий сапары менен болот.

Сапардын жүрүшүндө министрлер кыргыз-британия кызматташтыгынын келечегин талкуулашат.

Ошондой эле, Лорд Кэмерон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!