"Эркин-Тоо"

Британиянын Тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди

Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди.

ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей,  Лорд Дэвид Кэмеронду «Манас» эл аралык аэропортунан Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улан Джусупов тосуп алды.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар орун алат.

Пример HTML-страницы