Бир мандаттуу округдан шайлоого аттанган талапкерлердин саны 302ге түштү. Борбордук шайлоо комиссиясы 19 адам бир мандаттуу округдан шайлоого катышуудан баш тартканын маалымдады. Чүй облусунда – 61, Ош облусунда – 50, Жалал-Абад облусунда– 45, Ысык-Көл облусунда– 39 , Баткен облусунда– 37,Нарын облусунда – 29, Бишкек шаарында – 27, Талас облусунда – 13 талапкер шайлоого катышат.
Эске салсак Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жаңы парламент эми 90 депутаттан куралып, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден келишсе, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланышат. Буга чейин шайлоого катышуу үчүн 21 партия катталган.