"Эркин-Тоо"

БШК: 40 талапкерден билдирме түштү

27-февралда өтүүчү №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө  өзүн-өзү көрсөтүү тартиби боюнча жалпы 40 талапкерден билдирме түштү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык,  № 27 Биринчи май округу боюнча :
— Сартаев Анвар Айдарович;
— Токтакунов Нурбек Акбарович;
— Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;
— Жоробеков Азаматбек Жолборсович;
— Сурабалдиева Элвира Жыргалбековна;
— Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович;
— Аматов Рысбай Аматович;
— Акылбеков Русланбек Акылбекович;
— Абдыкадыр уулу Бектур;
— Гапаров Адылбек Абдикаримович;
— Момбеков Рыскелди Чыныбекович;
— Мамбетсадыков Азамат Нурбекович;
— Мусаев Тахир Насырович;
— Кермалиев Таалайбек Жеңишович;
— Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич;
— Капаров Чыңгыз Капарович;
— Нурматов Темирбек Асанович.

№ 29 Свердлов округу боюнча :
— Керимбаев Жусубалы Топчубаевич;
— Жолдошова Назгүл Амантуровна;
— Жумагазиева Нуржан Курманбековна;
— Асанбеков Жаныбек Асанбекович;
— Алмамбетова Гуля Идиновна;
— Бейшенбаев Эдил Нурбекович;
— Султанбеков Муратбек Кенешбекович;
— Атазов Шайлообек Карыбекович;
— Карамушкина Ирина Юрьевна;
— Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич;
— Болотбеков Бакытбек Болотбекович;
— Алканова Элнура Сайдиракмановна;
— Бакиров Бакыт Жеентаевич;
— Саадабаев Бакыт Муратбекович;
-Маматкулов Нурланбек Жолошович;
— Мотуев Нурдин Аманканович;
— Майрамбек уулу Калыс;
— Аспек уулу Азамат;
— Абышев Медер Болотович;
— Муртазалиев Абдурахман Шамильевич;
— Ибраймакунов Данияр Өмүрбекович;
— Салянова Аида Жеңишбековна;
— Эргешов Казыбек Кочкорович.

Белгилей кетсек, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2022-жылдын 27-январында саат 18:00дө аяктайт.

Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө БШКга арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен, башкача айтканда, 2022-жылдын 30-январында саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп, Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында шайлоочулар баарына каршы добуш берген. Мындан улам кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына дайындалган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!