Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары 467 адамды каттады — алардын 276сы эркек, 191и аял.
10-ноябрдан тарта талапкерлер, партиялар жана жарандар шайлоочуларды добуш берүүгө үндөө же каршы үгүт жүргүзүүгө укуктуу. Үгүт өнөктүгү добуш берүүгө бир күн калганда саат 00:00дө аяктайт, андан кийин “жымжырттык күнү” башталат.
БШК белгилегендей, талапкерлер үгүт иштерин шайлоо фонддорунун чегинде гана жүргүзүшү керек. Мисалы, фонддо көрсөтүлгөн сумма — мыйзамдык чектен ашпоого тийиш.
Үгүт иштерине уруксат берилет:
шайлоочулар менен жолугушуулар өткөрүү;
атайын аянтчаларга материал жайгаштыруу;
басма, аудио, видео материал таратуу;
дебаттарга, теле/радио программаларга катышуу;
социалдык тармактарда булагын көрсөтүү менен үгүт жүргүзүү.
Тыюу салынат:
шайлоочуларды акча, белек, кызмат менен сатып алуу;
административдик ресурстарды колдонуу;
жалган маалымат таратуу жана жек көрүү тилин колдонуу;
уруксат берилбеген жерлерге материал жайгаштыруу;
чет өлкөлүк каражаттарды пайдалануу.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, ошондой эле мамлекеттик үлүшү 30%дан жогору ишканалардын кызматкерлерине үгүт иштерине катышууга тыюу салынат — талапкерлердин постторуна лайк басуу да мыйзам бузуу болуп эсептелет.
БШК эскерткендей, үгүт эрежелерин бузуу айып пулга, талапкердин каттоосун жокко чыгарууга же жазык жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн.

