КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча 8 талапкердин арызын карады.
Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү чакыртып алуу жөнүндө алардын билдирүүсү эске алынган.
Шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлер:
— Артыков Асылбек Авазбекович — №10 Куршаб округу
— Дүйшөнбиев Райимберди Сейдакматович — №16 Ноокен округу
— Ешалиев Улан Жолдошбекович — №23 Москва округу
— Акматова Динара Асанкуловна — №36 Ысык-Көл округу
— Акунбеков Эрлин Абакирович — №15 Базар-Коргон округу
— Маматов Улан Орозалиевич — №13 Сузак округу
— Жолболдуев Памирбек Бакыевич — №4 Көк-Жар округу
— Муса кызы Алина — №35 Ак-Суу округу.
БШК ушуну менен 19 талапкерди каттоодон баш тартты.
Жалпы 32 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткандыгы тууралуу арыз менен БШКга кайрылышкан.
Эске салсак, 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аралаш система боюнча өткөрүлөт. 54 депутат пропорционалдык система менен, 36 депутат мажоритардык система боюнча бир мандаттуу округдардан шайланат.