"Эркин-Тоо"
Шайлоо-2021

БШК: Айрым шайлоо тилкелериндеги жыйынтыктар жокко чыгарылды

БШКнын билдирүүсү боюнча, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы айрым тилкелердеги көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды. 10-14-апрель күндөрү шайлоочулардан, партиялардан жана байкоочулардан 54 даттануу түшкөн, анын ичинен 38и добуш берүүнүн жыйынтыгына байланыштуу арыздар.
Даттануулардын негизинде , көчмө добуш берүүдөгү № 1023, 1028, 1029, 1036, 1309, 1311, 1312 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.
Мындан тышкары аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан №1051, №1157 участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы да жокко чыгарылды.