БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады.
БШКнын маалыматына ылайык, өлкө боюнча алдын ала тизме 4 млн 287 миң 222 шайлоочуну камтыйт. Ал «tizme.gov.kg» порталына жайгаштырылган. Ал эми кагаз түрүндөгү тизмелер 14-октябрга чейин өлкөдөгү 2492 шайлоо участкаларында илинет.
Шайлоочулар 1255 же 119 кыска номерине чалып өзүн тизмеден 19-ноябрга чейин текшере алышат. Ошондой эле төмөнкү жолдор аркылуу текшерүүгө мүмкүн:
-
Шайлоо участогунан;
-
«tizme.gov.kg» сайтынан;
-
ПИН-кодун 119 кыска номерине SMS аркылуу жөнөтүп, өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин алуу аркылуу.
Эгер каталар же туура эмес маалыматтар табылса, шайлоочу электрондук арыз менен «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу кайрыла алат. Тизмеде жок жарандар Калкты тейлөө борборлорунда биометрикалык каттоодон өтө алышат.