"Эркин-Тоо"
Шайлоо-2021

БШК: Бир мандаттуу округдан 9 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

Бир мандаттуу округдан тогуз талапкер парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча арыз менен Бакыт Бердалиев, Санжар Ибраимов, Максатбек Мамбеткулов, Канат Исаев, Жаманкул Галдыбаев, Абдисаид Каримбеков, Айбек Алыбаев, Бакыт Кыдыралиев, Айнуру Алтыбаева кайрылган.

Учурда 312 талапкер бир мандаттуу округдан шайлоого катышат:

— Баткен облусунда – 37,

— Ош облусунда – 54,

— Жалал-Абад облусунда – 48,

— Талас облусунда – 14,

— Чүй облусунда – 62,

— Бишкек – 27,

— Нарын облусунда – 29,

— Ысык-Көл облусунда – 41.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өтөт.