«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун мандатын алуу же калтыруу маселеси бүгүн каралат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Жыйын саат 16:00гө белгиленген.
Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү тергөө абагынан чыкты. Ага чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок жаза чегерген эмес.
Соттун маалыматы боюнча, Мадумаров Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту, 338-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айыпталган.
Адахан Мадумаров алгач кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюуга айыпталып, «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен камакка алынган.