БШКнын маалыматына ылайык, бүгүн, 30-октябрда, өлкөдөгү бардык шайлоо тилкелеринде кезектеги тесттик аралыктан добуш берүү өткөрүлөт.
Маалыматка ылайык, Бишкекте тесттик добуш берүү “Дордой-плаза” жана “Азия-молл” сыяктуу соода борборлорунда да уюштурулат.
Буга чейин тесттик добуш берүү октябрдын онунда жана жыйырмасында өлкө боюнча жана Россия Федерациясынын айрым шаарларында өткөрүлгөн.
Аралыктан добуш берүү онлайн-идентификацияга негизделет. Ал аркылуу шайлоочу туруктуу катталган жеринде добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, өз шайлоо тилкесинен тышкары же чет өлкөдө добуш бере алат.
БШК каалоочуларды тесттик режимде аралыктан добуш берүүгө катышууга чакырат.

