БШК үч жаранга шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузганы үчүн эскертүү берди

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 120

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) социалдык тармактарда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузуу белгилери бар материалдарды жарыялаган үч жаранга эскертүү берди. Аларга билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди.

БШКнын маалыматына караганда, бул маселе 21-октябрда Тимур Оторбаев жетектеген шайлоочуларды маалымдоо жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жыйынында каралды.

Социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеев жарыялаган материалдарда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мөөнөттөрү менен шарттарына байланыштуу мыйзам талаптарын бузуу белгилери аныкталган.

Аталган жарандар эскертүү алып, билдирүүлөрүн өчүрүүгө милдеттендирилген. Алар мындан ары мыйзам талаптарын сактоого жана мындай бузууларга жол бербөөгө даяр экенин билдиришкен.

БШК шайлоо алдындагы үгүттү мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын эскертти. Бул талап социалдык тармактарга жана башка интернет-ресурстарга жарыяланган материалдарга да тиешелүү.

Комиссия жарандарды, талапкерлерди, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын мыйзам талаптарын сактоого чакырды. Жумушчу топ социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү улантат.

21-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 120
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X