Бишкекте бир партия үгүт материалдарында жашы жете элек балдардын сүрөттөрүн колдонуп, мыйзам бузган. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.
«Мыйзам боюнча, үгүт иштеринде балдардын сүрөттөрүн колдонууга болбойт. Партияга эскертүү берилди, — деди ал.
Узарбек Жылкыбаев мындан тышкары эми шайлоо өнөктүгү маалында концерт, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганын баса белгиледи.
Мындай кадамды ал талапкерлер арасында тең эмес шарттардын пайда болгондугу менен түшүндүрдү. Эскерте кетсек, учурда өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата үгүт иштери жүрүп жатат.